Редакцияот 31.01.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы 11-сессиянын IV кезектүү сессиясы

 

2014-жылдын 31-январы № 11/3

КҮН ТАРТИБИ:

Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешине келген кайрылууларды, арыздарды кароо жөнүндө

УГУЛДУ:

Г.Аттокурова: 2014-жылдын 13-январындагы Ат-Башы райондук аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү Ж.Омокоевден келген кайрылуу каты менен жана келип түшкөн арыздар менен тааныштырды.

Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагыларды угуп жана талкулап

ТОКТОМ КЫЛАТ (ЧЕЧИМ КЫЛАТ):

1. 11(он бир) депутаттын үчтөн экиси деген түшүнүккө 7(жети) депутат болуп, депутаттардын жалпы санынын кеминде үчтөн бири деген түшүнүккө 4(төрт) депутат болуп бекитилсин.

2. Бирлик айылынын тургуну Шералиева Эркиндин жардам сурап кайрылган арызы «Социалдык, турак-жай жана курулуш маселелери» боюнча туруктуу комиссиянын отурумуна сунушталып чечилсин.

3. Бул токтомду аткаруу жагы «Социалдык, турак-жай жана курулуш маселелери» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Асаналиевге тапшырылсын.

4. Бирлик айылынын тургуну Булжуков Курманбектин балык чарбасын уюштурууга 0,50га жер аянтын сурап кайрылган арызы  «Айыл чарбасы, жер маселелери жана жайыт маселелери боюнча» туруктуу комиссиянын отурумуна сунушталып чечилсин.

5. Бул токтомду аткаруу жагы «Айыл чарбасы, жер маселелери жана жайыт маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Түмөнбаевге тапшырылсын.

6. Айыл өкмөттө иштеген кызматкерлердин - Эл менен болгон ортодогу байланышын жакшыртуу максатында 2014-жылдын 15-февралында Бирлик айылында жалпы Элдик чогулуш өткөрүлсүн.

7. Бул токтомду аткаруу жагы, айыл өкмөт башчы Д.Мамбетовго тапшырылсын.

 

Төрага

Г. Аттокурова