Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-апрели № 3/2
Күн тартибиндеги маселе:
Ак-Моюн айыл аймагынын жайыт комитетинин бюджетин жана жайыт акыларын бекитүү
УГУЛДУ:
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттары жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛДЫ (Чечти):
1. Жайыт комитетинин 2014-жылга карата бюджети 398000 (үч жүз токсон сегиз миң) сом менен бекитилсин.
2. Мал баккан малчыларга малдын акыларын, жайыт пайдалануучулардын бааларын бекитүү.
-Майда жандык боюнча 1 короо кой 800 баштан ашпасын.
-Майда жандык акысы: 25 сомдон, бодого 150сомдон болсун.
-Жайыт акы: Бодого: 45 сомдон, майда жандыкка 10 сомдон, кулун-музоого 32 сом,
-Жайыт акы сырттан келген малга жайкы жайытка (жайлоого), бодого: 60 сомдон, майда жандыкка: 15сомдон, кулун-музоого: 42 сомдон болсун.
-Жайыт акы сырттан келген малга кышкы жайытка (кыштоого), бодого: 60 сомдон, майда жандыкка: 15сомдон, кулун-музоого: 42 сомдон болсун.
-Жайыт акы жайкысын башка жакка жайлагандарга 50%тен болсун (мисалы: токой чарба).
2. Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Моюн айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Ж.Осмонбековго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөт башчысы Д.Мамбетовго тапшырылсын.
Төрага | Г. Аттокурова |