Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-апрели № 3/4
Күн тартибиндеги маселе:
Ак-Моюн айыл аймагындагы «Шекер-Мүрөгү» жана «Бирлик-Булак» ИСКАКБ таза суу мекемелеринин бюджетин бекитүү жөнүндө
УГУЛДУ:
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттары жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛДЫ (Чечти):
1. 2014-жылдын 1-май айынан баштап таза сууга суу чоргоолорунан ичкен жарандар үчүн 25 сомдук тариф күчүнө кирсин, үйдөн ичкен жарандар үчүн 30 сомдук тариф күчүнө кирсин.
2. Үйгө суу киргизем деген жарандар 1000(миң) сомдон киргизүү акысын төлөп коштурсун.
3. «Бирлик-Булак» ИСКАКБ таза суусунун бюджети 2014-жылдын 1-май айынан баштап, таза сууга суу чоргоолорунан ичкен жарандар үчүн 20 сомдук тариф күчүнө кирсин, үйдөн ичкен жарандар үчүн 25 сомдук тариф күчүнө кирсин, ичпеген жарандар үчүн 5 сомдук тариф күчүнө кирсин.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Моюн айыл аймагынын «Шекер-Мүрөгү» жана «Бирлик-Булак» ИСКАКБ таза суу мекемелеринин башчыларына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөт башчысы Д.Мамбетовго тапшырылсын.
Төрага | Г. Аттокурова |