Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-апрели № 3/5
Күн тартибиндеги маселе:
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешине келген кайрылууларды, каттарды кароо жөнүндө
УГУЛДУ:
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттары жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛДЫ (Чечти):
1. Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү Ж.Омокоевдин 03.04.2014-жылдагы №22 каты боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын курамын саясий партиялар сунуштап бекитүү жагы каралсын.
2. «МА-КЕ» ЖЧКсынан Т.О.Ормотоевдин 10.02.2014-жылдагы №16/09 каты боюнча геологиялык чалгындоо жумуштарын жүргүзүүгө Т.Ормотоев сессияга өзү келип катышсын.
3. «Калаш» компаниясынан Э.Муратовдун 01.04.2014-жылдагы №14-10 каты боюнча биринчи айыл өкмөт менен келишим түзсүн, кийинки сессияларда эки тараптын макулдашууларын карап тиешелүү чечим чыгарылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөт башчысы Д.Мамбетовго тапшырылсын.
Төрага | Г. Аттокурова |