АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айыл аймагынын, Айылдык Кеңешинин депутаттарынын IX чакырылыштагы IV кезексиз сессиясы
2014-жылдын 12-майы № 4/5
Күн тартибиндеги маселе:
Ак-Моюн айылындагы «Кызыл-Дыйкан» кооперативинин жамаатына суу баскан аянттан жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
УГУЛДУ:
Г. Аттокурова: «Кызыл-Дыйкан» кооперативинин жамаатына иштетүүгө суу баскан аянттан жер тилкесин бөлүп берүү тууралуу кайрылууну окуду.
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттары жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛДЫ (Чечти):
1. Ак-Моюн айылындагы «Кызыл-Дыйкан» кооперативинин жамаатына иштетүүгө суу баскан аянттан жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы жер жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адис Т.Кадыркуловго тапшырылсын.
Төрага | Г. Аттокурова |