Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-майы № 5/1
Күн тартибиндеги маселе:
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 8-май айындагы № 716-каты аткарууга жана жетекчиликке алынып Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясында кароо
УГУЛДУ:
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 8-май айындагы № 716-каты боюнча 49 га жер аянтынын ичинен жайыт категориясына (трансформациялоо алтын казуу иштерине) мыйзам чегинде уруксат берүү жөнүндө айтылды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 12.04.2006-ж. №261 токтомуна ылайык, КРнын 09.08.2012-ж. №160 жер казынасы мыйзамына жана КРнын 09.08.2012-ж.№159 жер кодексине киргизилген өзгөртүүлөр мыйзамына ылайык каралды.
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттары жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛДЫ (Чечти):
1. Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 8-май айындагы № 716-каты аткарууга жана жетекчиликке алынып Ак-Моюн айылдык Кеңешинин V кезексиз сессиясына сунушталып, 49га жер аянтынын ичинен жайыт категориясына тиешелүү жер аянттарын өндүрүштүк категориясына (трансформациялоо –алтын казуу иштерине) өткөрүүгө макулдук берип бир добуштан колдоого алынды.
Төрага | Г. Аттокурова |