Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-майы № 5/4
Күн тартибиндеги маселе:
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешине сунушталган кайрылуу, кат, сунуштарды кароо жөнүндө
УГУЛДУ:
Ак-Моюн айыл аймагында атайын таштанды төгүүчү жайдан, башка жерге мусор төккөн жарандарга штраф салуу, «Кочкор-Арык» каналынын жээгинен жырып суу алган жарандарга штраф салуу жөнүндө сунуштар айтылды.
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттары жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛДЫ (Чечти):
1.Ак-Моюн айыл аймагында атайын таштанды төгүүчү жайдан, башка жерге мусор төккөн жарандарга 1000сомдон, 5000сомго чейин штраф салынсын.
2.«Кочкор-Арык» каналынын жээгинен жырып суу алган жарандарга 2000сомдон, 5000сомго чейин штраф салынсын.
3. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн имаратынын маңдайындагы эски контордун ордуна жаңы соц.объекти курууга уруксат берилсин.
4.Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 21.05.2014-ж. №790 каты боюнча 28-май Кыргыз Республикасынын «Чек арачылардын күнүнө» карата, «Караулдөбө» чек ара заставасына 3000 сом акча каражатты бөлүү боюнча, эгер бөлгөнгө бюджетибизде мүмкүнчүлүк болсо, бухгалтер бюджетти карап, ошого жараша иштер жүргүзүлсүн.
Төрага | Г. Аттокурова |