Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 1-августу № 6/1
Күн тартибиндеги маселе:
Мергенчилик турдан жана атайын каражаттан түшкөн акча каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө
УГУЛДУ:
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттары жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛДЫ (Чечти):
1.Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн бүгүнкү күнгө чейинки бюджетине мергенчилик турдан түшкөн акча каражаты төмөндөгүдөй тартипте бөлүштүрүлсүн:
- Ак-Моюн айылына курула турган социалдык объектиге, 700 000 (жети жүз миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.
- Бирлик айылына жаңы уюштурулуп жаткан жаңы парктын сырткы тосмосун тосууга 200 000(эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.
- Бишкек шаарында өткөрүлгөн «Ат-Башы таланттары» иш чарасына: 10 000 сом,
- «Шырдак» фестивалына: 5000 сом, бензинге: 25000 сом,
2.Ак-Моюн айыл аймагынын бала бакчаларына 70 000 сом (ата-энелердин взностунан) атайын каражаттан түшкөн акча каражаты балдардын тамак-ашына бөлүнсүн.
3.Бул токтомду аткаруу жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Көбөновага тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Д.Мамбетовго тапшырылсын.
Төрага | Г. Аттокурова |