Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 1-августу № 6/2
Күн тартибиндеги маселе:
Ак-Моюн, Бирлик айылдарынын көчөлөрүнө коюлган ысымдарды кароо
УГУЛДУ:
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттары жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛДЫ (Чечти):
1.Ак-Моюн, Бирлик айылдарынын көчөлөрү төмөндөгүдөй аталыштар менен бекитилсин.
Ак-Моюн айылы боюнча: | Бирлик айылы боюнча: |
Көчөлөрдүн аталышы: | Көчөлөрдүн аталышы: | ||
1 | Көчө | Казакбай Кыдыралиев | Асан Малаканов |
2 | Көчө | Апыш Койчуманов | Асылбүбү Сеитбекова |
3 | Көчө | Сартбай кичине батыр | Булак-Башы |
4 | Көчө | Бектурган Амангулов | Тынчтык |
5 | Көчө | Жылкычы уулу Турсун | Ала-Тоо |
6 | Көчө | Марс Байчериков | Ынтымак |
7 | Көчө | Абдыке Буурабаев | Арашан |
8 | Көчө | Карач уулу Насирдин | Босого |
9 | Көчө | Кулмурза Өскөнов | Айгыр-Жал |
10 | Көчө | Нарындык Жумабеков | Келечек |
11 | Көчө | Медетбек Шадиев | Керемет |
12 | Көчө |
| Кашка-Жол |
2.Жарандарга «Биометрикалык паспорт» берүүнү жүзөгө ашыруу боюнча жогорку органдардан бизге келип жаткан каттарды аткаруу максатында көчөлөрдөгү табличкалардын номерлерин ирээттеп жаӊыртуу боюнча көчөгө ысымы коюлган жарандардын туугандары табличкаларды илип жаӊыртсын. Эгер ысымы коюлган туугандары көчөнүн табличкаларын жаӊыртуудан баш тарта турган болсо, ысымын көчөдөн алып, айыл өкмөтү тарабынан башка ысым берилсин.
3.Бул токтомду аткаруу жагы турак-жай жана өзгөчө кырдаалдар башкы адиси Т.Макешовго тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Д.Мамбетовго тапшырылсын.
Төрага | Г. Аттокурова |