Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 1-августу № 6/3
Күн тартибиндеги маселе:
Ак-Моюн айылындагы Сартбай кичине баатыр көчөсүнө коюлган трансформаторго столба алып зым тарттыруу жөнүндө
УГУЛДУ:
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттары жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛДЫ (Чечти):
1.Сартбай кичине баатыр көчөсүнө коюлган трансформаторго столба алып зым тарттырууга Нарын шаарындагы чыгыш электр тармактар ишканасына айылдык Кеңештин жана айыл өкмөттүн атынан кат жөнөтүлсүн.
2.Бул токтомду аткаруу жагы турак-жай жана өзгөчө кырдаалдар башкы адиси Т.Макешовго тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Д.Мамбетовго тапшырылсын.
Төрага | Г. Аттокурова |