Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-августу № 8/3
Күн тартибиндеги маселе:
Ак-Моюн айыл аймагында жашаган жарандардан келип түшкөн кайрылууларды, арыздарды кароо жөнүндө
УГУЛДУ:
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттары жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛДЫ (Чечти):
1. Ак-Моюн айылынын тургуну Ж.Мамбетисаеванын арызы «Финансы-экономика жана этика» боюнча туруктуу комиссиянын отурумунда каралып, чечилсин.
2.Эгемендүүлүк күнүнө карата Ак-Моюн айыл аймагында өткөрүлүүчү спорт оюндарына арналган иш-чараларга айыл өкмөттүн бюджетинен 10 000 сом айыл өкмөттүн бюджетине кошумча акча каражаты түшсө, бөлүнүп берилсин.
3.Мерсико уюму тарабынан келген тамак-аш азыктарын алып келүүдөгү трансорттук чыгымга жумшалган 7500 сом акча каражаты айыл өкмөттүн бюджетине кошумча акча каражаты түшсө, бөлүнүп берилсин.
4.Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн имаратынын түндүк тарабынын чатырчасын шамал алып кеткендигине байланыштуу жаан жааган учурда тамчы тамып жаткандыктан, айыл өкмөттүн бюджетине кошумча акча каражаты түшсө, бөлүнүп берилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамбетовго тапшырылсын.
Төрага | Г. Аттокурова |