Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-августу № 8/3
Күн тартибиндеги маселе:ПРООН тарабынан каржыланып жаткан Ак-Моюн айылындагы «Момолой-Арык» каналын оңдоо, «Чар» участкасындагы купканы оңдоо жана Ак-Моюн айылындагы Сартбай кичине баатыр көчөсүнө таза суу түтүктөрүн орнотуу боюнча долбоорлордун сметаларын бекитүү жөнүндө
УГУЛДУ:
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттары жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛДЫ (Чечти):
1.ПРООН тарабынан каржыланып жаткан:
- «Момолой-Арык» каналын оңдоо жалпы суммасы 495 000.00 (төрт жүз токсон беш миң) сом,
- «Чар» участкасындагы купканы оңдоо жалпы суммасы 211,200,00 (эки жүз он бир миң эки жүз) сом,
- Ак-Моюн айылындагы Сартбай кичине баатыр көчөсүнө таза суу түтүктөрүн орнотуу жалпы суммасы 803,140,00 (сегиз жүз үч миң бир жүз кырк) сом. Жогорудагы үч долбоордун сметалары бекитилсин.
2.Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн счетуна которуу жумуштарын аткаруу жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Көбөновага тапшырылсын.
3.«Момолой-Арык» каналын оңдоо оңдоо жумуштарын аткаруу жагы Т.Кадыркуловго, «Чар» участкасындагы купканы оңдоо жумуштарын аткаруу жагы Ж.Мурсакматовго, Ак-Моюн айылындагы Сартбай кичине баатыр көчөсүнө таза суу түтүктөрүн орнотуу жумуштарын аткаруу жагы Т.Жумакадыровго милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамбетовго тапшырылсын.
Төрага | Г. Аттокурова |