Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-августу № 8/5
Күн тартибиндеги маселе:
Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн бюджетине түшкөн кошумча акча каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө
УГУЛДУ:
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттары жогорудагы маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛДЫ (Чечти):
1.Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн бюджетине түшкөн кошумча акча каражатынан Ак-Моюн айылындагы жаңы салынып жаткан социалдык объектиге 233 000 (эки жүз отуз үч миң) сом, Бирлик айылына жаңы парк курууга 230 000 (эки жүз отуз миң)сом которулсун.
2.Ак-Моюн айылындагы «Тамчы-Булак» балдар бакчасына таш көмүр алуу үчүн 15000(он беш миң) сом которулсун
3.Бул буйрукту аткаруу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Көбөновага тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамбетовго тапшырылсын.
Төрага | Г. Аттокурова |