АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин депутаттарынын IX чакырылыштагы IХ cессиянын IV кезектүү сессиясы
2014-жылдын 25-ноябры № 9/6
Күн тартибиндеги маселе:
Айылдык Кеӊештин сессиясына сунушталган арыздарды, кайрылууларды кароо жөнүндө
УГУЛДУ:
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин депутаттары жогорудагы маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛДЫ (Чечти):
1.Телеком колдонуп жүргөн «Тамчы-Булак» балдар бакчасындагы бөлмө толугу менен бала бакчанын карамагына өткөрүлүп берилсин.
2. Ак-Моюн айыл аймагынын ардактуу атуулуна татыктууларды тандоо боюнча түзүлгөн комиссия курамына төмөндөгү адамдар бекитилсин жана түзүлгөн комиссия татыктууларды тандоо боюнча критерийлерин иштеп чыксын.
1.Д.Мамбетов,
2.Г.Аттокурова,
3.Т.Түмөнбаев,
4.К.Асаналиев,
5.Б.Абдрахманов
3.Ак-Муз айылынын тургуну Мамбеталиева Гүлайдын арызы Ак-Моюн айыл аймагынын ардактуу атуулуна татыктууларды тандоо боюнча түзүлгөн комиссияга сунушталсын.
4.Ак-Моюн айылынын күн батыш тарабындагы кулоо коркунучунда турган астоновканы оӊдоо боюнча К.Дакеевге эртелетип бүткөрүү жагы эскертилсин, жана бүткөрүлүшүнө көзөмөлдүк жүргүзүлсүн.
5.А.Койчуманов атындагы орто мектебине «Энерго паспорт» жасоо боюнча Ат-Башы райондук электр тармактар ишканасынан суралсын. Бул «Энерго паспортту» бүткөрүү жагы мектеп директору М.Манаевге тапшырылсын.
6.Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин депутаты Түмөнбаев Тойгонбай 2014-жылдагы жүргүзгөн үзүрлүү ишмердүүлүгүн эске алуу менен «Ак-Моюн айылдык Кеӊешинин мыкты депутататы» деп табылсын.
Төрага | Г. Аттокурова |