Редакцияот 27.12.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Моюн айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин депутаттарынын IX чакырылыштагы Х кезексиз cессиясы

 

2014-жылдын 27-декабры № 10/2

Күн тартибиндеги маселе:

БУУнун азык-түлүк программасынын айыл жериндеги аялдарды колдоо проектисинин негизинде аялдарга берилген 120 мешок ун, 480 бутылка зыгыр майды алып келүү жөнүндө

УГУЛДУ:

Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттары жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, сессия

ТОКТОМ КЫЛДЫ (Чечти):

1.БУУнун азык-түлүк программасынын айыл жериндеги аялдарды колдоо проектисинин негизинде аялдарга берилген 120 мешок ун, 480 бутылка зыгыр майды Бишкек шаарынан алып келүү үчүн 15000(он беш миӊ) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.

2.Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамбетовго тапшырылсын.

 

Төрага

Г. Аттокурова