Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-марты № 156/20-6
Талас шаарынын 2015-жылга карата жергиликтүү бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолдуу планын бекитүү жөнүндө
Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясы тарабынан сунушталган Талас шаарынын 2015-жылга карата бюджетин жана 2016-2017-жылдарга болжолдуу планын карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын 2015-жылдагы жергиликтүү бюджети кирешелерди жана атайын каражаттарды кошкондо 114470,3 мин сом суммасында жана чыгашалар боюнча 114470,3 мин сом суммасында бекитилсин.
2. Талас шаарынын 2015-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 1- тиркемеге ылайык киреше булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлсүн.
3. Талас шаарынын 2016-2017-жылдарга жергиликтүү бюджеттин негизги көрсөткүчтөрдүн болжолу жактырылсын.( № 2,3 тиркеме тиркелет).
2016-жылга киреше боюнча болжолу 115500,0 мин сом
2017-жылга киреше боюнча болжолу 120710,0 мин сом
4. Талас шаарынын 2015-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгашасын каржылоо 4 -тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.
5. Талас шаарынын 2016-2017 жылдарга жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн болжолу жактырылсын.(№ 5, 6 тиркеме тиркелет).
6. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (айлык акы, соц.фондго чегерүүлөр, тамак-ашка, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана майып балдарга жөлөк пулдар) ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттемелер боюнча жүргүзүлсүн.
- Чыгашалардын коргоого алынган беренелери шаардык кенештин токтомунун негизинде жана ченемдик актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүн.
- Чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоо үчүн жоопкерчилик шаардык бюджеттик мекемелердин жетекчилерине жүктөлсүн.
7. Бюджеттик уюмдардын атайын каражаттарына сметаларында белгиленген суммалардан ашык түшкөн кирешелер толугу менен бюджеттик уюмдардын карамагында калтырылсын.
- Шаардык бюджеттен каржылануучу мекемелерге атайын каражаттарды казыналыктан сырткары пайдаланууга тыйуу салынсын. Бул тартипти бузган учурда атайын каражаттардын баардык суммасы жергиликтүү бюджеттин кирешесине кабыл алынсын.
8. Бюджеттик мекемелердин атайын каражаттар боюнча киреше бөлүгүн ашыра аткарган учурда киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, бюджеттик мекемелердин сметалык чыгымдарын жыл ичинде кварталдан кварталга, беренеден беренеге жылдыруулар бюджеттик мекемелердин макулдугу менен өзгөртүү киргизүүгө КРнын бюджеттик укуктардын негизги принциптери мыйзамынын 15-беренесине ылайык каржы бөлүмү аркылуу аткарууга алынсын, ал эми бир бөлүмдөн башка бөлүмгө өзгөртүүлөр шаардык кенештин сессиясынын токтомунун негизинде жүргүзүлсүн.
9. Зарыл болгон өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча шаардык кенештин сессиясында жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын отчетунда тиешелүү түзөтүүлөр бекитилсин.
10. Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жөнүндө Мыйзамына ылайык жергиликтүү бюджеттин 2014-жылы жетишсиз каржыланган бөлүгү, 2015-жылга каралган каражаттардын эсебинен жана ал каражаттардын чектеринде компенсациялансын.
- Мында эмгек акыга жана социалдык фондусуна чегерүүлөргө жумшалуучу чыгымдар биринчи кезекте компенсацияланууга тийиш.
11. 2015-жылдын 1-январына карата шаардык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 50,0 мин сом суммасында белгиленсин.
12. “ Кыргыз Республикасынын бюджет принцибинин негизи жөнүндөгү” мыйзамынын 21- статьясына ылайык шаардык бюджетке 794,0,0 мин сом өлчөмүндө резервдик фонд түзүлсүн жана түзүлгөн резервдик фондусунун 524,0,0 мин сомун шаардын мэрине жана 270,0 мин сомун шаардык кенештин төрагасына бөлүштүрүүгө берилсин.
13. 2015-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
а). жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн: салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан жана сатуудан түшкөн салыктан -50 пайыз өлчөмүндө;
б). ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктан, милдетүү патенттөөнүн негизиндеги салыктан, бирдиктүү салыктын негизинде түшүүлөрдөн шаардын жергиликтүү бюджетинин тескөөсүнө 100 пайыз өлчөмүндө;
в) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан(стратегиялык пайдалуу кендерди кошпогондо роялти) алардын иштетилген жери (жайгашкан жери) боюнча шаардын жергиликтүү бюджеттерине -50 пайыз өлчөмүндө.
14. Төмөнкүлөрдү кошпогондо, өндүрүлгөн анын ичинде мамлекеттик органдар тарабынан салынган администрациялык айыптардын суммаларынан шаардын жергиликтүү бюджетине -50 пайыз өлчөмүндө:
а) жол кыймылынын коопсуздугунун жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерине кыянаттык келтирген администрациялык айыптардын суммасын;
б) бажы органдары тарабынан өндүрүлүүчү администрациялык айыптардын суммасын.
15. Жалпы мамлекеттик салыктар боюнча болжолун ашыра аткаруу суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттер ортосунда бөлүштүрүүнү салыктардын ар бир түрү боюнча пландык түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдери боюнча жүргүзүү белгиленсин.
16.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014 жылдын 5-июнундагы №315 Токтомунун негизинде Талас шаарынын билим берүү бөлүмүнүн бухгалтериясына 3 штаттык бирдиги бөлүнүп, жергиликтүү бюджеттен каржылансын.
17. Талас шаардык кенешинин 9-декабрь 2014- жылынын №143/17-6 сандуу токтомунун негизинде ачылган “Зордук зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыр тарткан балдарга жардам берүү борборунун штатык бирдиги №7 тиркемеге ылайык түзүлсүн жана аларды кармоо жергиликтүү бюджеттин 2014 жылдын жыйынтыгы менен кирешеден ашкан чыгашанын эсебинен бекитилген сметанын негизинде каржылоо жүргүзүлсүн.
18. Кыргыз Республикасынын 20 –февраль 2013-жылдагы №25 мыйзамынын негизинде жергиликтүү салык бөлүмүнүн укуктары көбөйгөндүгүнө байланыштуу Талас облустук юстиция бөлүмүнөн Устав, жоболорун жана 6 штаттык бирдигин бекитүү жагы Талас шаардык мамлекеттик салык башкармалыгына милдетендирилсин.
19. Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулканасынын Жобосун жаныртып, Талас облустук юстициясынан бекитилсин жана 6 штаттык бирдиги республикалык бюджеттен түшүүчү категориалдык гранттын эсебинен кармалсын.
20.Талас шаардык күрөш боюнча жаш балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде бел боо күрөш (борьба на поясах) боюнча бөлүм ачылып, анын машыктыруучулары републикалык бюджеттен түшкөн категориалдык гранттын эсебинен кармалсын.
21. Талас шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгы ижарага берилген жерлерге жана объектилерге түзүлгөн келишимдин бирден нускасы менен кошо ижарага берилген жерлердин отчетун Талас шаарынын мамлекеттик салык башкармалыгына ар бир субъектке лицовой карточка ачып, талдоо жүргүзүү үчүн жана бюджетке кошумча акча каражат түшүрүү максатында акыркы эки жылдын киреше бөлүгүнө мониторинг жүргүзүү тапшырылсын .
22. Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы шаарга жасалган жумушка (кызматка) карата жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн № 4- тиркемесинде көрсөтүлгөн суммасынын чегинде“Башка тейлөө кызматтарын алуу” 2215- беренеси аркылуу каржылоо жүргүзсүн.
23. Талас шарынын Аймактык коомдук өз алдынча башкаруусу 2015-жылдын биринчи кварталынан баштап таштандыларды ташып чыгаруу үчүн чогултулган акча каражаттарды толугу менен жергиликтуу бюджетке төгүп, бюджетке түшкөн каражаттарды кайра толугу менен казна аркылуу таштандыларды чыгаруу үчүн каржылансын. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясы менен Аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунун ортосунда таштандыларды чыгаруу боюнча келишим түзүлсүн.
24. Талас шаардык борбордук Баатырлар паркын жана андагы эстеликтерди карап ирээтке келтирүү үчүн бир кызматкер кармалсын.
25.Талас шаардык финансы бөлүмүнө (Ж.Ниязалиев) шаардык бюджетине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы милдеттендирилсин.
26. Кабыл алынган токтом Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларды каттоо боюнча мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
27. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу” маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Мамбетов.Р.М.) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |