Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-марты № 157/20-6
Талас шаарынын 2014-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн пландарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Талас шаарынын 2014-жылдын ичинде жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргендигин карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Талас шаарынын 2014-жыл ичинде жергиликтүү бюджетке музыкалык мектептин айлык акысы жана социалдык фондго төлөмү үчүн -2667,7 мин сом, социалдык кызматкерлердин айлык акылары көбөйгөндүгү үчүн -381,3 мин сом акча каражаттары республикалык бюджеттен келип түшкөндүгү белгиленсин. Ошондой эле жергиликтүү бюджетте каралган салык кирешелери жана салык эмес кирешелеринин пландары-6965,0 мин сомго көбөйгөндүгү жана атайын каражаттын планы-4000,0 мин сомго көбөйгөндүгүнө байланыштуу бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилсин.
Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын планы 2965,0 мин сомго көбөйтүлсүн. Билим берүү бөлүмүнүн бала бакчаларынын атайын каражаттарынын планы -4000,0 мин сомго анын ичинен тамак ашка -1609,7 мин сомго, учурдагы учурдагы ремонт иштерине -1182,9 мин сомго,жабдууларды сатып алууга -1207,4 мин сомго көбөйтүлсүн.
Талас шаарында жыл ичинде 2 бала бакча ачылгандыгы жана ата-энелердин жыйымы 2014-жылдын октябрь айынан тартып көбөйгөндүгүнө байланыштуу пландан ашык акча каражаттары түшкөн. Жыл ичинде атайын каражаттардан үнөм болгон УМС тен –829,2 мин сом жана « Жаны-Багыт» гезитинен 50,0 мин сом пландан азайтылсын. Билим берүү бөлүмүнүн атайын каражатынын планы 879,2 мин сом анын ичинен ар кандай чыгымына -799,8 мин сом, тамак ашка -79,4 мин сомго көбөйтүлсүн.
Кабыл алынган токтом Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Мамбетов) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |