Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-марты № 158/20-6
Каржы министрлиги тарабынан долбоордо берилген план тапшырманы 4 711,5 мин сомго азайтууну суроо жөнүндө
Талас шаардык мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын 2015-жыл, 18 -февралдагы № 09-04/300 сандуу катында келтирилген “Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу багытында КРнын Каржы министрлиги тарабынан долбоордо ашыкча план тапшырма берилген. Талас шаарында болжолдуу эсеп менен аткарыла турган киреше 88 745,2 мин сомду түзөт. Ошондуктан бюджеттик казнага жыл жыйынтыгында 4 711,5 мин сом чогултууга мүмкүн болбогон сумманы азайтуу” маселеси жөнүндө Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарында 2015-жылга карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө долбоордо берилген план тапшырманы 4 711,5 мин сомго анын ичинен киреше салыгын -4 306,0 мин сомго, роялти салыгын -405,5 мин сомго азайтып берүү боюнча КРнын Каржы министрлигине сунуштоо жагы жактырылсын.
2. Кабыл алынган токтом Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Мамбетов) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |