ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги XX сессиясы
2015-жылдын 11-марты № 161/20-6
Талас шаарынын Ч.Айтматов аянтындагы жазуучу Ч.Айтматовдун айкелин постаменти менен реестрге киргизүү жөнүндө
Талас шаардык өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 2015-жылдын 5-февралындагы № 01-1/107 сандуу катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамынын 9-беренесинин 3-пунктуна ылайык карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын Ч.Айтматов аянтындагы жазуучу Ч.Айтматовдун айкели постаменти менен (баланстык баасы 2 613 395сом) Талас шаарынын реестрине киргизилсин.
2. Кабыл алынган токтом Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Мамбетов.Р.М.) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |