ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги XX сессиясы
2015-жылдын 11-марты № 162/20-6
Талас шаарынын Оторбаев менен А.Алдашукуров көчөлөрүнүн кесилишинин түндүк батыш тарабындагы 3.6 гектар жер тилкесин Талас шаарынын реестрине киргизүү жөнүндө
Талас шаардык өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 2015-жылдын 5-февралындагы № 01-1/107 сандуу катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамынын 9-беренесинин 3-пунктуна ылайык карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын Оторбаев менен А.Алдашукуров көчөлөрүнүн кесилишинин түндүк батыш тарабындагы Талас шаардык прокуратурасынын 2014-жылдын 5-декабрындагы № 11-1-14 сандуу каршылык билдирүүсү менен кайтарылып алынган 3.6 гектар жер тилкеси (баланстык баасы 900,0 мин сом) Талас шаарынын реестрине киргизилсин.
2. Кабыл алынган токтом Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Мамбетов.Р.М) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |