Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 3-декабры № 9
Боо-Терек айыл кеңешинин XXX чакырылышынын кезектеги XII сессиясы кабыл алган 2013-жылдын 13-декабрындагы №3-токтомунун 3-пунктун жокко чыгаруу жөнүндө
Боо-Терек айылдык кеңешинин XXX- чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы Боо-Терек айыл айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы У.Барпыбековдун кайрылуусун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Боо-Терек айыл кеңешинин XXX-чакырылышынын кезектеги XI-сессиясы кабыл алган 2013-жылдын 13-декабрындагы№3-токтомунун 3-пункту жокко чыгарылсын.
2.Жайыт комитети түзүлө электе жана жайыт комитети тарабынан берилип өздөштүрүлгөн, жашылдандырылган жерлерге гипроземден корутунду чыгарыш үчүн сунуш берилсин.
а)Айыл өкмөт тарабынан жайт жерлерди башка категорияга которуу үчүн райондук админстрациясына сунуш берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер боюнча комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | А. Алымкулова |