Редакцияот 18.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТТА ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Катта  Талдык айылдык кеңешинин 14-сессиясынын бешинчи чакырылышы

 

2015-жылдын 10-февралы № 14/2

Катта Талдык айылдык округунун Негизги бекитилген бюджеттен 2014-жылда ашыкча түшкөн киреше боюнча кошумча сметасын бекитүү жөнүндө

Катта - Талдык айылдык округунун ФЭБ башчысы К.Кайназарованын 9 ай ичинде бюджетке 300,0 мин сом негизги бекитилген бюджеттен ашыкча түшүүлөр болгону боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Катта - Талдык айылдык кеёеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Катта - Талдык айылдык округунун бюджетине ашыкча түшкөн акча каражаттары киреше, чыгаша бөлүктөрүнө бекитилсин.

2. Айылдык округдун бюджетинин чыгашалар бөлүмүнүн аткарылышын көзөмөлдөп, статьялар боюнча мыйзам чегинде сарпталуусун камсыздоо жагы Катта - Талдык айьл округуна жүктөлсүн.

3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Катта - Талдык айылдык кенешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Т. Омонов