Редакцияот 17.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 19-декабры № 23

Айылдагы кырманды арендага берүү жөнүндө

Депутаттардын Айдаралиев айыл Кеңешинин 6-чакырылышынын 8-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көпүрө-Базар айылындагы  кырман, ичиндеги баардык иштетүүчү шаймандары менен жана айыл өкмөтүнүн балансындагы трактор прицеби менен 10 (он) жылдык мөөнөткө Айыл Кеъешинин депутаты Жолдошов Уланга арендага эки тараптуу келишимдин негизинде берилсин.

2. Кырманда оъдоо түзөө иштери жөнгө салынганга чейин 2(эки) жылдык аренда акысы алынбасын.

3. Кырманды өткөрүп берүү жагы жер турак жай боюнча башкы адис Жекшеналиев Талантка жүктөлсүн.

 

Төрага

Ч.А. Айдаров