Редакцияот 03.06.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 3-июну № 21

Айдаралиев айыл аймагындагы кичи көчөлөргө аттарды ыйгаруу жөнүндө

Депутаттардын Айдаралиев айыл Кеңешинин 6-чакырылышынын 7-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көпүрө-Базар айылындагы Качкын Ибраим көчөсүндөгү Айталиев Исанын үйүнөн Манас көчөсүндөгү Иманалиев Кимбилеттин үйүнүн жанына чейинки туура көчөгө “Каракол-1” деген ысым ыйгарылсын.

2. Качкын Ибраим көчөсүндөгү Назаралиев Кадырбектин үйүнөн Мүнүр Алыбаев көчөсүндөгү Сарымсаков Махундун үйүнүн жанына чейинки туура көчөгө “Каракол-2” деген ысым ыйгарылсын.

3. Качкын Ибраим көчөсүндөгү Темесинов Даниярдын үйүнүн жанынан Осмонов Жаныштын үйүнүн жанындагы туура көчөгө “Көпүрө-Базар-1” деген ысым ыйгарылсын.

4. Качкын Ибраим көчөсүндөгү Тогонбаев Аманжандын үйүнүн жанынан Больницага чейинки туура көчөгө “Көпүрө-Базар-2” деген ысым ыйгарылсын.

5. Качкын Ибраим көчөсүндөгү Эсеналиев Табышбектин  үйүнүн жанынан Мүнүр Алыбаев көчөсүндөгү Смаилова Сүйүмкандын үйүнүн жанына чейин Ак-Кайыъ деген ысым ыйгарылсын.

6. Качкын Ибраим көчөсүндөгү Саптаякова Алмагүл үйүнүн жанынан Кушубак Кутуналиев көчөсүндөгү Жаныбеков Байышбектин үйүнүн жанына чейин  “Каракол-3” деген ысым ыйгарылсын.

 

Төрага

Ч.А. Айдаров