Загрузка документа…
КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-апрели № 3
Казан-Куйган айылына курула турган мал тейлөөчү комплекиске жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Климаттык өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу долбоору “MSDP KG” фондусунун жардамы менен курула турган мал тейлөөчү комплекске жер аянтын бөлүп берүү максатында.
Казан –Куйган айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Климаттык өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу долбоору “MSDSP KG” фондусунун жардамы менен курула турган мал тейлөөчү комплекске Казан –Куйган айылындагы жайыт жерден 0,06 га жер аянты берилсин.
2. Бул токтомду бекитип берүү жагы Нарын райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Төрага | М. Солтонкулов |