Загрузка документа…
КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-апрели № 4
Айыл чарба багытындагы жана жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасын аныктоо жөнүндө
Айыл чарба багытындагы жана жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасын аныктоо максатында
Казан –Куйган айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Казан –Куйган айыл аймагында суу баскан айдоо жерлердин жер салыгынын 1гектарга базалык ставкасы 98 сом болуп аныкталсын.
2. Казан –Куйган айыл аймагында кайрак жерлердин жер салыгынын 1гектарга базалык ставкасы 27 сом 15 тыйын болуп аныкталсын.
3. Казан –Куйган айыл аймагында жайыт жерлердин жер салыгынын 1 гектарга базалык ставкасы 2 сом 65 тыйын болуп аныкталсын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы Н. Байтелиевага милдеттендирилсин.
Төрага | М. Солтонкулов |