Редакцияот 17.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кыштут айылдык округунун кеңешинин V чакырылышынын III сессиясы

 

2013-жылдын 17-марты № 10

Кыштут айылдык округунун Кыштут айылындагы клубдун имаратын реконструкциялоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Кыштут айылдык округунун башчысы Камчыбеков Сулаймандын айылдык округунун Кыштут айылындагы клубдун имаратын реконструкциялоо жөнүндөгү сунушун угуп жана кеңири талкуулап имараттын авариялык абалда экендигин эске алып Кыштут айылдык округунун Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыштут айылдык округунун Кыштут айылындагы клубдун имаратын реконструкциялоо боюнча түзүлгөн проектисин каржылоо үчүн 2013-жылдагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен 31111390-статьясына 278000 (эки жүз жетимиш сегиз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын козомолго алуу жагы Кыштут айылдык округунун Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Зикиров