Редакцияот 28.06.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кыштут айылдык округунун Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

 

2013-жылдын 28-июну № 4

Сай айылындагы муниципалдык менчикте турган имаратты балдар бакчасына берүү жөнүндө

Сай айылынын жашоочуларынын 2013-жылдын 2-июнундагы жалпы элдик жыйынынын протоколунун негизинде кеңири талкуулап Кыштут айылдык округунун Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кыштут айыл окмотунун аймагындагы Сай айылында муниципалдык балдар бакчасын ачууга уруксат берилет.

2.Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Кыштут айыл окмотунун муниципиалдык     менчик боюнча адиси Назаров Мурзабекке тапшырылсын.

 

Төрага

А. Зикиров