Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-сентябры № 8/3
Таза суу тарифти бекитүү жөнүндө
Ак-Кудук айылдык кенешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн башчысы С.Касымовдун таза сууга болгон тарифти көтөрүү боюнча сунушу кабыл алынсын.
2. 2014-жылдын 1-январынан тартып, ар бир жанга таза сууга болгон төлөмдөрдүн өлчөмү төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
- үйүнө суу киргизбеген тургундарга 15 сомдон.
- үйүнө суу киргизилген тургундарга 20 сомдон.
- коммерциялык багытта колдонуучуларга (мончо, ж.б) эсептегич прибордун негизинде ар бир кубуна 20 сомдон.
- мекеме, ишканаларга келишимдин негизинде, которуу жолу менен.
3. Коммерциялык багытта суу киргизгендерде (мончо, ж.б) суу эсептөөчү прибор (водомер) абоненттин эсебинен коюлсун жана суу өлчөөчү прибордун көрсөткүчү менен төлөө жүргүзүлсүн.
4. Эсептөөчү приборлоду койдуруудан баш тарткандарга (коммерциялык багытта) карата жеринде акт түзүлүп, суу берүү токтотулсун. +з алдынча кайра кошуп алган жарандарга мыйзам чегинде чара көрүлсүн.
5. Бул тарифтер жана талаптар айыл аймагындагы бардык ИСКАКБларга бирдей бекитилсин.
6. Бул токтомду аткаруу бардык ИСКАКБ лардын башчыларына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Абакиров |