Редакцияот 17.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 17-апрели № 82

Айылдык Кеңештин XXVI чакырылышынын XVI сессиясы

 

Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгынын базалык ченемин көбөйтүү жөнүндө

Москва району боюнча МСКБ  2015 –ж 13.04. № 010/15/05/2046  айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгынын базалык ченемин көбөйтүү жөнүндө каты менен таанышып жана жер салыгынын көбөйүшүнүн мүмкүнчүлүгүг талкуулап,

Биринчи Май айыл Кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. 2014 –жылы айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгынын ченеми өлчөмүндө калтырылсын:

Сугат айдоо жер 392 с 1 га үчүн.

Кайрак айдоо жер 67,2 с 1 га үчүн.

2. Айыл өкмөтүнө топурактын бонитетинин анализин баасы жөнүндө сурамын даярдоо тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кенештин бюджет боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Саралаев Б.А.