Редакцияот 03.12.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 3-декабры № 70

Айылдык Кеңештин XXVI  чакырылышынын XVI сессиясы

 

2014-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн азайтуу жөнүндө

ФЭБ башчысы Н. Б. Жумагулованын “СССР – АР” ЖЧК 17.09.2014 – ж № 2 банкроттук процесси жөнүндө катынын, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин “  Банкрот” деп таанылган же жарыяланган төлөөгө жарамсыз уюмдун салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карызын жоюу 64 – беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Каржы Министирлигине “ Биринчи Май айыл өкмөтүнүн 2014 – жылдын киреше бөлүгүнүн болжолу боюнча келише албастыгы жөнүндө “ 12.11. 2014 - ж №  810 биз жазган каттын негизинде маалыматын угуп.

Биринчи Май айыл Кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Бюджеттин киреше бөлүгү төмөнкү кирешелер боюнча азайтылсын:

Кыймылсыз мүлккө салык – 320.3 мин сом.

Айыл чарба эмес багытындагы жерди пайдаланууга жер салыгы 773.9 мин сом

Бардыгы: 1094.2 мин сом.

2. Киреше бөлүгү 1094.2 мин сом өлчөмүнчө азайтылсын

70629 бөлүгү – башка турак – жай жана коммуналдык тейлөөлөр

2221-22211200 – 1094.2 мин сом.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө ФЭБ башчысы Н. Б. Жумагуловага жүктөлсүн.

 

Төрага

Саралаев Б.А.