Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-апрели № 117
Тынчтык проспектин Чыңгыз Айтматов атындагы проспектине кайра атоо жөнүндө
Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 26-декабрындагы № 29 «Ч. Т. Айтматовдун ысмын түбөлүккө калтыруу жөнүндө» токтомун аткаруу үчүн, Бишкек шаарынын мэриясынын сунушун, Бишкек шаарынын мэриясынын топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча жумушчу комиссиясынын чечимин эске алып, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын Тынчтык проспекти Чыңгыз Айтматов атындагы проспектине кайра аталсын (схема тиркелет).
2. Бишкек шаарынын мэриясы аншлагдарды орнотууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте жүргүзсүн.
3. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (Б. Ж. Берикбаев), Бишкек шаардык архитектура жана шааркурулушу боюнча Башкы башкармалыгы (Б. А. Абдиев) эсепке алуу, инвентаризациялык маалыматтарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шааркурулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У. Е. Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.
Төрага |
М.А. Аманкулов
|