Редакцияот 18.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2014-жылдын 18- марты  № 5

      Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин  (XXVII чакырылышы) кезектеги  XVIII сессиясы  

                                                

 Күн тартибиндеги маселе:

             Күн тартибиндеги Чаек айыл аймагындагы М. Рыскулов жана Р. Абдиев көчөлөрүнүн  жашоочуларынын өз каражатынын эсебинен түнкү жарык (освещение) койдуруу боюнча депутат Н. Аралбаевдин сунушу жөнүндө

Чаек айыл  аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чаек айыл  аймагындагы М. Рыскулов жана Р. Абдиев  көчөлөрүнүн жашоочуларынын өз каражатынын эсебинен  аталган көчөсүнө түнкү жарык  (освешение) койдурууга уруксаат берилсин.

2. Электр энергияга кеткен чыгым жашоочулардын өз каражаттарынын эсебинен төлөнсүн.

3. Аталган көчөлөрдү жарыктандырууну уюштуруу жагы депутат Н. Аралбаевге  жүктөлсүн.

4.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айылдык Кещешинин төрагасынын орун басары Н. Исмаиловага тапшырылсын.

 

Төрага

А. Бөдөшбеков