Редакцияот 18.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2014-жылдын 18- марты  № 6

      Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин  (XXVII чакырылышы) кезектеги  XVIII сессиясы  

Күн тартибиндеги маселе:

            Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин соц. кызматкерлери

Г. Калиялиева, Г. Шаршекеева жана О. Ногойбаев орто мектебинин соц. педагогунун айыл өкмөтүндө жалгыз бой, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жардамга муктаж үй-бүлөөлөргө жардам берүү  жана  Актатыр  айылындагы Жокин уулу  Жанбулат өзү мектеп жашында жана ата-энеси каза болуп калгандыгына байланыштуу, айыл өкмөтүнүн бюджетинен  ай сайын  төлөп берүү боюнча

Чаек  айылдык  Кенешинин  сессиясы  угуп жана талкуулап

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

     1.Айыл өкмөтүндө жалгыз бой, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жардамга муктаж үй-бүлөөлөргө жардам берүү боюнча акча каражаты, Чаек айыл аймагынын айыл-өкмөтү  мекемесинин  2014-жылдагы бюджетине (сметанын негизинде)  каралган акча каражатынан 50 000 (элүү мин ) сом  акча бөлүнүп берилсин.

    2.Чаек айыл аймагындагы Актатыр  айылындагы Жокин уулу Жанбулат өзү мектеп жашында жана ата-энеси каза болуп калгандыгына байланыштуу, Жокин уулу  Жанбулатка 2014-жыл үчүн  айыл өкмөтүнүн  бюджетинен  ай сайын 500 (беш жүз)  сомдон акча  каражаты төлөнүп берилсин.

  3. Бөлүнгөн акча каражатын өз багытында сарпталышын көзөмөлдүк кылуу Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г. Карымшаковага милдеттендирилсин.

  4.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айылдык Кещешинин төрагасынын орун басары Н. Исмаиловага тапшырылсын.

 

Төрага

А. Бөдөшбеков