Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-апели № 1
Күн тартибиндеги маселе:
Чаек айылдык Кеңешинин 2014-жылдын кезектеги XVIII cессиясынын № 10 жана № 11 токтомдоруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Чаек айылдык Кеңешинин сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин 2013-жылдын үнөмдөлгөн каражатынан резервдик фондго каралган 350 000 (Үч жүз элүү мин) сом, Чаек айылындагы ФОКтун курулушуна каралган 300 000 (Үч жүз мин) сом, М. Алыбаев орто мектебинин котелун ремонттоого каралган 300 000 (Үч жүз мин) сом, Чаек айылындагы “Аурдин” базарына Ажаткана куруу үчүн каралган 150 000 (бир жүз элүү мин) сом Баары: 1 100000 (бир миллион бир жүз мин) сом акча каражаты төмөндөгүдөй болуп өзгөртүлсүн.
А) Чаек айылындагы ФОКтун курулушуна өздүк салым үчүн 360 386-60 (Үч жүз алтымыш мин үч жүз сексен алты) сом 60 тыйын.
Б). Чаек айылындагы М. Алыбаев орто мектебинин жылуулук системасын ремонттоого,котелун монтаждоого жана мектептин айланасын тосуу үчүн өздүк салымы үчүн 313 377-50 (Үч жүз он үч мин үч жүз жетимиш жети сом) 50 тыйын;
В). Чаек айыл өкмөтүнүн имаратынын капиталдык ремонтунун өздүк салымы үчүн 313 854-30 (үч жүз он үч мин сегиз жүз элүү төрт) сом 30 тыйын;
Г). Чаек айылындагы “Аурдин” базарына Ажаткана куруу үчүн 112381-60 (бир жүз он эки мин үч жүз сексен бир) сом 60 т;
2.Чаек айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинен башкаруу аппаратынын имараттын ремонтуна каралган 364 200 (Үч жүз алтымыш төрт мин эки жүз) сом акча каражаты төмөндөгүдөй болуп бөлүнсүн.
А). Чаек айылындагы Шабданбек уулу Алтынбек атындагы балдар бакчасынын
2-этажындагы бөлмөнүн ичине суу киргизүү үчүн, 20 000 (жыйырма мин) сом;
Б). Чаек айылындагы “Аурдин” базарына Ажаткана куруу үчүн 37618-40 (отуз жети мин алты жүз он сегиз) сом 40 т
В). 306581-60 (үч жүз алты мин беш жүз сексен бир сом) 60 тыйын Айылдык Кенештин депутаттарынын чечими менен чыгышталсын.
3. Бөлүнгөн акча каражатын өз багытында сарпталышын көзөмөлдүк кылуу Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин финансы-экономика бөлүмүнө жана Чаек айылдык Кенешинин финансы-экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссияларга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айылдык Кещешинин төрагасынын орун басары Н. Исмаиловага тапшырылсын.
Төрага | А. Бөдөшбеков |