Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-апрели № 2
Күн тартибиндеги маселе :
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин 2013-жылдагы үнөмдөлгөн акча каражаты түрткү берүүчү грантка бөлүп берүү жөнүндө
Чаек айылдык Кенешинин сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин 2013-жылдагы үнөмдөлгөн акча каражаты түрткү берүүчү грантка төмөндөгүдөй болуп бөлүнүп берилсин.
1. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин имаратынын капиталдык ремонтунун өздүк салымы үчүн 313854-30 (үч жүз он үч мищ сегиз жүз элүү төрт) сом 30 тыйын акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин ден соолукту чындоо борборунун курулушуна (ФОК) өздүк салымы үчүн 359 320-20 (үч жүз элүү тогуз мищ үч жүз жыйырма) сом 20 тыйын акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин М. Алыбаев орто мектебинин жылуулук системасын ремонттоого, котелун монтаждоого, жана мектептин айланасын тосуу үчүн 313377-50 (үч жүз он үч мищ үч жүз жетимиш жети) сом 50 тыйын акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Бөлүнгөн акча каражатын өз багытында сарпталышын көзөмөлдүк кылуу Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин финансы-экономика бөлүмүнө жана Чаек айылдык Кенешинин финансы-экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссияларга милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айылдык Кещешинин төрагасынын орун басары Н. Исмаиловага тапшырылсын.
Төрага | А. Бөдөшбеков |