Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-апрели № 3
Күн тартибиндеги маселе :
Чаек айылынын тургуну Кудайбергенов Кубатбек Кудайбергеновичтин арызын карап, Чаек айылдык Кеңешинин сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эмгек Кызыл-Туу, эки Ленин орденин жана Ардак Грамоталардын ээси Карымбаев Кудайберген Р. Абдиев көчөсүндөгү № 19 өзү жашаган үйүнө “Карымбаев Кудайберген” атындагы үй-музейин уюштуруу жана Чаек айыл аймагындагы Ш. Исабекова атындагы парктын ичинен бөлүнүп берилген жер аянтынан Карымбаев Кудайбергендин монументин орнотуу үчүн жер участогу бөлүнүп берилсин.
2. Карымбаев Кудайбергендин тиешелүү юридикалык документтерин даярдоо жана кеткен чыгымдар Кудайбергенов Кубатбек Кудайбергеновичке жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Н. Исмаиловага тапшырылсын.
Төрага | А. Бөдөшбеков |