ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 7-октябры № 2
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXVI чакырылышы) кезектеги XXII сессиясы
Чаек айыл өкмөтүнүн аймагындагы О. Ногойбаев орто мектебинин директору С. Бөйтөевдин айыл өкмөтүнө 2014-жылдын 25-сентябрындагы жазган кайрылуусу жөнүндө
Чаек айылдык Кенешинин сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.О. Ногойбаев орто мектеби Жумгал райондук мамлекеттик архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын 27.08.2013-жылдагы № 15 кемтик актысынын негизинде мектептин күн чыгыш тарабындагы «А» корпусу баланстан чыгарылып, бузууга уруксаат берилсин.
2.Мектептин бузуу боюнча комиссия түзүү Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы О. Жунушалиевге милдеттендирилсин.
3. Мектептин бузуу боюнча актысы түзүлүп, тиешелүү юридикалык документтерин даярдоо жагы мектептин директору С. Бөйтөевге жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А. Бөдөшбеков |