ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 7-октябры № 6
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXVI чакырылышы) кезектеги XXII сессиясы
Күн тартибиндеги маселе :
Ветеринардык сервис ачуу жөнүндө
Ветеринардык сервис ачуу жөнүндө,Чаек айылдык кенешинин сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чаек айыл аймагынын малдарын ветеринардык жактан тейлөө үчүн жеке менчик ветеринардык сервис түзүлсүн.
2.Жеке менчик сервистин башчысы болуп Назарбаев Канатбек Токтогазиевич дайындалсын.
3.Жеке менчик вет сервистин башчысы Назарбаев Канатбек Токтогазиевич Чаек айыл аймагынын малдарын, үй канаттууларын жана ит мышыктарын ветеринардык жактан сапаттуу тейлөө жагы жүктөлсүн.
4.Ветеринардык сервистин лицензиясын жана тиешелүү юридикалык документтерин алып берүү жагы Жумгал райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынан суралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айылдык кенешинин төрагасынын орун басарыН. Исмаиловага тапшырылсын.
Төрага | А. Бөдөшбеков |