ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 7-октябры № 7
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXVI чакырылышы) кезектеги XXII сессиясы
Күн тартибиндеги маселе :
Чаек айылындагы мурдагы орус (крестьяндар) мүрзөнү жаап, чет элдик жарандардын сөөгүн койуу максатында атайын жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Чаек айылдык Кенешинин сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айылындагы мурдагы орус (крестьяндар) мүрзөсү жабылсын.
2. Мусулман эмес диндеги жарандардын сөөгүн койуу үчүн атайын жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
3. Чет элдик жарандардын сөөгүн койуу үчүн үй ээсинен (жакындарынан) 50 000 (элүү мин) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетине төктүрүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы О. Жунушалиевге тапшырылсын.
Төрага | А. Бөдөшбеков |