Редакцияот 23.12.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2014-жылдын 23-декабры № 20

                                  Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXVI чакырылышы) кезектеги  XXIV сессиясы    

                                      

Күн тартибиндеги маселе:

 Күн тартиби: Чаек айылдык Аксакалдар сотунун жети курамынан төрагалыгына жана катчысына көрсөтүү жөнүндө

        Чаек айылынын аймактык Кенешинин (XXVI-чакырырылышынын ) кезектеги XXIV –сессиясынын 24.12.2014-ж № 9 токтомунда, Чаек аксакалдар сотторунун мүчөлөрү Соронбаев Жолдошбек, Турускулов Күрүчбек, САмудинова Насипа, Акматжанова Эрмек, Насипканова Света, Кожомбердиева Бүбүмалим, Кубатбеков Жанабил  жети мүчөсүнөн төрагалыкка Аксакалдар сотунун жобосунун 8-11 ст.ст тарабындагыдай өздөрүнүн ичинен Турускулов Күрүчбекти, катчылыгына Соронбаев Жолдошбекти ачык добуш менен үч жылдык мөөнөткө  сунушталып

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.Чаек айылынын Аксакалдар сотунун өздөрүнүн ичинен шайлоодогу протоколдун негизинде төрагалыкка Турускулов Күрүчбек, катчылыгына Соронбаев Жолдошбектер бекитилсин.

2.Кыргыз Республикалык  Аксакалдар сотунун жобосундагы 12-ст. талабында уюштурулган аксакалдар  сотунун курамынын паспорттору менен Чаек айылдык Кенешинде каттоодон өткөрүлсүн.

3.Аксакалдар сотторун материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы О. Жунушалиевге тапшырылсын.

 

Төрага

А. Бөдөшбеков