ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-январы № 13/4
Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XIII-сессиясы
Талаа-Булак айыл аймагынын Дөң-Алыш айылындагы маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан конкурстук негизде берилүүчү түрткү берүүчү грант менен Дөң-Алыш айылындагы маданият үйүнүн жана административдик конторанын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн Кочкор райондук архитектура курулуш башкармалыгы тарабынан бүткөрүлгөн сметасы жөнүндө С.Аденовдун маалыматын үгүп жана талкуулап, Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөң-Алыш айылындагы маданият үйүнүн жана административдик конторанын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүүгө 3 300 000 (үч миллион үч жүз миң ) сомдук сметалык долбоору жасалганы белгиленсин.
2.Маданият үйүнүн ремонтун бүткөрүү үчүн Финансы министрлиги тарабынан берилүүчү гранттан суралып жаткан 3300 000 (үч миллион үч жүз миң ) сомдун 5% ти 165 000 (жуз алтымыш беш миң) сом Дөң-Алыш айылынын өздүк салымы жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнүп берилсин жана 5 % ти элдин жумуш иштери менен бүткөрүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Кадыркул уулу Барылканга жана долбоордун лидери Аденов Сагынбекке жүктөлсүн.
Төрага | Н. Керимкулов |