Загрузка документа…
АК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-сентябры № 3
Ак-Талаа айыл аймагы боюнча 2014-жылга күзгү дан эгиндерин оруп-жыйноо учурунда жазында кечирээк себилген жана бышпай калган 52 га арпа кесек тоют катары чабылып, түшүм алынбай калгандыгы жана 30 гектар чөп күйүп кеткендиги тууралуу
Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа айыл аймагы боюнча 2014-жылга айдалган дан эгиндеринин ичинен 52 га арпа бышпай калгандыгына байланыштуу кесек тоют катары чабылгандыктан, жалпы отчеттуулуктан чыгаруу жагы суралсын.
2. 30 гектар табигый чөп убагында суу жетпей калгандыктан күйүп кеткендигине байланыштуу тоютка чабылбай калгандыктан отчеттон чыгаруу жагы суралсын.
3. Бул токтомдун аткаруу жер боюнча башкы адис А.Садыковго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Максүт уулу Асанбекке милдеттендирилсин
Төрага | А. Туюкбаев |