Редакцияот 10.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2015-жылдын 10-февралы  № 3

Эл депутаттарынын Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХХХХII  сессиясы

 

Дара айыл өкмөтүнүн атайын эсебинин 2015-жыл үчүн сметасын бекитүү жөнүндө

Дара айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М.Зайналовдун айыл өкмөтүнүн атайын эсебинин сметасын бекитүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айылдык кенешинин V чакырылышынын кезектеги ХХХХХII  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дара айыл өкмөтүнүн атайын эсебинин 2015-жыл үчүн сметасы 128797 сом суммасында бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Зайналовго тапшырылсын.

 

Төрага

             Н. Мусаев