Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-февралы № 13
Дара айыл өкмөтүнүн КБФнун ижара мөөнөтү бүткөн сугат айдоо жерлерине жана өрүк бактарына аукцион өткөрүүгө уруксат берүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн КБФнун ижара мөөнөтү бүткөн сугат айдоо жерлерине жана өрүк бактарына аукцион өткөрүүгө уруксат берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана муниципиалдык менчик боюнча башкы адиси М.Зайниевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айылдык кенешинин V чакырылышынын кезектеги ХХХХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн КБФнун ижара мөөнөтү бүткөн 10.5 га сугат айдоо жерине жана 16.70 га өрүк бактарына аукцион өткөрүүгө уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин жер, муниципиалдык менчик жана көрктөндүрүү иштери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана муниципиалдык менчик боюнча башкы адиси М.Зайниевге тапшырылсын.
Төрага | Н. Мусаев |