Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-февралы № 15
Эл депутаттарынын Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХХХХII сессиясы
Дара айыл өкмөтүнүн Чек жана Жаңы Жер айылдарынын таштандыларды таштоочу жай үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн Чек жана Жаны Жер айылдарынын таштандыларды таштоочу жай үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, Дара айылдык кенешинин V чакырылышынын кезектеги ХХХХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн Чек айылынын таштандыларды таштоочу жай үчүн Чек айылындагы суу кампасынын күн батыш тарабынан 0,10 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Жаны Жер айылынын таштандыларды таштоочу жай үчүн Жаны Жер айылындагы Атылган таш участкасынын күн батыш тарабынан 0.10 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин жер, муниципиалдык менчик жана көрктөндүрүү иштери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана муниципиалдык менчик боюнча башкы адиси М.Зайниевге тапшырылсын.
Төрага | Н. Мусаев |