Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-февралы № 16
Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФнун 471.460 контурундагы өрүк бактарынын абалын кароо жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФнун 471, 460 контурундагы өрүк бактарынын абалы жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХХХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФнун 471,460 контурундагы өрүк бактарынын эскирип, куурап, түшүмдүүлүгү төмөндөп кеткендигине байланыштуу эскирген өрүк бакты кыйып, анын ордуна жаңыдан өрүк көчөттөрүн отургузууга уруксат берилсин.
2. Жаныдан өрүк көчөттөрү отургузулган өрүк бактарынын ижара мөөнөтү 5 (беш) жылга узартылып берилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү мекемелерине, балдар бакчаларына, мечиттерге, турмуш шарты оор үй бүлөлөргө кыйылган өрүк бактарынан 2 портер үлгүсүндөгү машинадан отунду жеткирип берүү ижарачыларга, көзөмөлдөө жагы айыл башчысы М.Момбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин жер, муниципиалдык менчик жана көрктөндүрүү иштери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана муниципиалдык менчик боюнча башкы адиси М.Зайниевге тапшырылсын.
Төрага | Н. Мусаев |