Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-февралы № 17
Эл депутаттарынын Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХХХХII сессиясы
Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы телемунаралардын кароолдорунун эмгек акысына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы телемунаралардын кароолдорунун эмгек акысына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, Дара айылдык кенешинин V чакырылышынын кезектеги ХХХХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы 4 телемунаранын кароолдорунун ар биринин эмгек акысы үчүн 1200-00 сомдон, бир айга 4800-00 сом, бир жылга 57600-00 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана ФЭБ башчысы М.Зайналовго тапшырылсын.
Төрага | Н. Мусаев |