Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-февралы № 19
Эл депутаттарынын Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХХХХII сессиясы
Баткен облусунун Баткен согушунун Ардагерлер Кеңешинин төрагасы М.Асановдун сураныч катын кароо жөнүндө
Баткен облусунун Баткен согушунун Ардагерлер Кенешинин төрагасы М.Асановдун Баткен согушунун катышуучусу маркум, милициянын майору Шагамурзаев Асылбек Тиллабаевичтин атына өзү окуган Ж.Эркебаев атындагы орто мектебине аскердик каана ачууга акчалай жардам берүү жөнүндөгү сураныч катын угуп жана талкуулап, Дара айылдык кенешинин V чакырылышынын кезектеги ХХХХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен согушунун катышуучусу маркум, милициянын майору Шагамурзаев Асылбек Тиллабаевичтин атына өзү окуган Ж.Эркебаев атындагы орто мектебине аскердик каана ачууга жергиликтүү бюджеттен 20000-00 (жыйырма мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана ФЭБ башчысы М.Зайналовго тапшырылсын.
Төрага | Н. Мусаев |