Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-марты № 1/3
Ак-Моюн айыл аймагына жеке веб-сайт ачуу жөнүндө
Угулду: Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттары, айылдык Кеңештин төрайымы Г.Аттокурованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл аймагына жеке веб-сайт ачылсын.
-Жеке ишкер Асанкулов Бакытбек
Шаршеновичке сайтты жасап
берүү үчүн жумуштарына: 7500 (жети миң беш жүз) сом,
-Домен арендасына 12 (он эки) айга: 798(жети жүз токсон сегиз) сом,
-Хостинг арендасына 12(он эки) айга: 3420(үч миң төрт жүз жыйырма)
сом которулсун.
2. Жогорудагы аталган сайтты ачууга финансылык которуу жумуштарын аткаруу жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Көбөновага тапшырылсын.
3. Ак-Моюн айыл аймагына жеке веб-сайт ачуу үчүн жеке ишкер Асанкулов Бакытбек Шаршенович менен эки тараптуу келишим түзүү, түзүлгөн келишим аркылуу сайттын ишке кирүүсүн көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Үмөталиевге тапшырылсын.
Төрага | Г. Аттокурова |